Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

ИСЛАМ ТААНУУ

Логотип телеграм канала @islamtaanuu — ИСЛАМ ТААНУУ И
Логотип телеграм канала @islamtaanuu — ИСЛАМ ТААНУУ
Адрес канала: @islamtaanuu
Категории: Религия
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.87K
Описание канала:

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Рейтинги и Отзывы

4.00

3 отзыва

Оценить канал islamtaanuu и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

2

4 звезд

0

3 звезд

0

2 звезд

1

1 звезд

0


Последние сообщения 3

2022-06-11 05:29:03
'Адий ибн Хатимден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Жарты курма болсо да садака кылып, Тозоктун отунан сактангыла!""

Бухари 1417

Эң кичине нерсе болсо дагы аз дебей садака кылып, Тозоктон сактануу керектиги айтылган.

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu
705 views02:29
Открыть/Комментировать
2022-06-07 15:01:14
Аллах Таала айтат:

"Ар бир жан ээси өлүмдү татуучу. Биз силерди (дүйнө жашоосунда) жакшылык жана жамандык менен сынайбыз, андан соң бизге кайтарыласыңар!"

( Куран, Анбия: 35)

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu
1.1K views12:01
Открыть/Комментировать
2022-06-05 01:25:14
Анас ибн Маликтен (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимдин негизги максаты акырет болсо - Аллах анын жүрөгүнө каниеттик берип, дүйнө иштерин ирээттеп коёт жана ага дүнүйө кор болгон абалда жетип келет. Ал эми кимдин негизги максаты дүнүйө байлыгы болсо - Аллах кедейликти анын көз алдына коюп, ага дүнүйө иштерин чачыранды кылып салат жана дүнүйөдөн тагдырга жазылгандан ашык ала албайт."

Тирмизи 2465,
Шейх Албани хадисти сахих деген.

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu
976 views22:25
Открыть/Комментировать
2022-05-31 11:11:34
عُمَرُ بن الخطاب أن رسول اللَّه صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : " إِنَّ اللَّهَ يَرْفَعُ بِهَذَا الْكِتَابِ أَقْوَامًا، وَيَضَعُ بِهِ آخَرِينَ ".
رواه مسلم 817

Умар ибн Хаттаб (андан Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ: "Аллах Таала бул китеп менен кээ бир адамдарды (даражасын) көтөрүп кээ бир адамдарды түшүрөт",- деген.

Муслим 817

Тактап айтканда ким Куранга ыйман келтирип талаптарына амал кылса - бийик Жаннат даражаларына көтөрөт, ал эми ким талаптарына амал кылбаса - ал эң жаман орун болгон Тозокко ташталат.
_______________________

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu
959 views08:11
Открыть/Комментировать
2022-05-20 15:02:53 Сабактын темасы:

Наба сүрөсүнүн уландысы

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
753 viewsedited  12:02
Открыть/Комментировать
2022-05-18 11:59:48
Ибрахим алейхи салям ширкке түшүп калуудан коркуп бул дубаны айтып Аллахтан жардам сураган:


وَٱجْنُبْنِى وَبَنِىَّ أَن نَّعْبُدَ ٱلْأَصْنَامَ

(О Раббым), мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан өтө алыс кылгын!

 (Ибрахим: аят 35 )

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Аллахка эч кандай ширк кошпогон Аллахтын пайгамбары болгон Ибрахим алейхи салам өзүнүн жана балдарынын ширкке түшүп калышынан катуу коркуп, бардык ширктин түрлөрүнөн сактоосун сурап Аллахка дуба кылган.

Бул шерик кошуу өтө коркунучтуу болгондуктан ар бир ата-эне дагы өзү жана балдары ширкке түшүп калбоо үчүн Аллахка дуба кылуусу керек. Себеби кимде-ким Аллахка шерик кошуу менен Аллахка жолуккан болсо - Аллах аны эч качан кечирбейт.

Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
750 views08:59
Открыть/Комментировать
2022-05-11 23:27:30
Каъбу ибн 'Ужротадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ мага:
"Оо Каъбу, харам (тамак) менен өскөн (чоңойгон) адамдын эти жана каны Жаннатка кирбейт, ал Тозокко барат.""


Ибн Хиббан 5567,
Албани сахих деген.

Бул хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ:

"Кайсы бир адамдын эти жана каны арам тамак менен азыктанып чоңойгон болсо - ал дене Жаннатка кирбейт"- деген.

Ошондуктан ар бир мусулман арам жол менен акча табуудан өтө катуу сактанышы керек.

Мисалы: бирөөнүн акысын арам жол менен тартып алуудан, алдап сүткө суу кошуудан, бирөөдөн пара алуудан ошондой эле арак, тамеки сыяктуу арам нерселерди сатуудан же сойкулук менен акча табуудан ж.б. ар кандай арам жолдордон өтө катуу сактануу керек. Себеби хадистин аягында мындай дене Тозокто күйөөрү айтылган.

Аллах Таала өзүбүздү жана бала-чакабызды арам тамактар менен өстүрүүдөн сактасын.
__________________________

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu
964 views20:27
Открыть/Комментировать
2022-05-04 03:13:09
t.me/islamtaanuu
606 viewsedited  00:13
Открыть/Комментировать
2022-05-03 13:43:25 Шаууаль айында алты күн орозо тутуу

Абу Аюуб Аль-Ансорийден (андан Аллах ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, андан кийин шаууаль айында алты күн артынан орозо кармаса - бир жыл орозо кармагандай болот."


Муслим 1164


Өкүмү кандай?

- Сүннөт. Ким кармаса бир жыл толук орозо кармагандай сооп алат. Ал эми ким таштаса күнөөкөр болбойт.

Качан кармоо керек?

- Айт майрамынын эртеси, экинчи күнү эле кармап башталат ал эми Айт күнү орозо кармаганга болбойт.

Канча күн кармоо керек?

- Алты күн орозо кармалат.

Бөлүп-бөлүп кармаса болобу?

- Ооба. Шаууаль айынын башында, ортосунда, аягында бөлүп-бөлүп кармаса болот.

Кандай кармаганы жакшы?

- Айттан кийин, Шаууаль айынын башында, бөлбөй жана катарынан кармаган жакшы.

Рамазандан карызы барлар кармай берсе болобу?


- Рамазан айынан карызы барлар ошол казасын өтөп бермейинче кармаганга болбойт. Себеби хадисте Рамазанды кармап анан артынан алты күн кармаса деп айтылган. Ошол үчүн карызын шаууаль айында өтөп анан алты күнгө жетишсе, кармаса болот.

Баштаган адам бүтпөй калса күнөкөр болбойбу?

- Жок. Мунун өкүмү - сүннөт. Колдон келишинче жакшы ниет менен кармай берүү керек. Бир себептерден улам толук бүтпөй калсаңыз күнөөкөр болбойсуз. Тескерисинче, эки же үч күн болсо дагы ал үчүн сооп аласыз.

Бул алты күндү кармаганда Рамазандагы карызымды да ниет кылып кармасам экөөн тең кутулууга болобу?

- Жок, андай болбойт! Моюнуңузда парз орозо турганда сүннөт орозо менен алектенбеңиз, биринчи казаны бүтүрүп анан алты күндү кармаңыз, бешимдин парызы менен сүннөтүн кошуп бирге окуу мүмкүн болбогон сыяктуу эле болбойт, ал эми кээ бир адамдардын кошсо болот деген сөзүнө көңүл бурбаңыз, ал туура эмес.

Шаууаль деген эмне?

- Шаууаль деген Рамазан айынан кийинки айдын аты.

Сообу кандай?

- Бир жыл толук орозо кармагандай сооп болот.
______________________

Талас Артыкбаев

http://t.me/islamtaanuu
1.1K views10:43
Открыть/Комментировать
2022-05-02 05:36:19
Урматтуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди "ИсламТаануу" каналынын жамааты Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайт!

Аллах Таала бизден жана сиздерден салих амалдарды кабыл кылсын!

t.me/islamtaanuu
1.5K views02:36
Открыть/Комментировать