Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

ФЕРМЕРЛЕР БАГБАНДАР Кыргызстан🇰🇬

Логотип телеграм канала @fermerler — ФЕРМЕРЛЕР БАГБАНДАР Кыргызстан🇰🇬 Ф
Логотип телеграм канала @fermerler — ФЕРМЕРЛЕР БАГБАНДАР Кыргызстан🇰🇬
Адрес канала: @fermerler
Категории: Животные и Природа
Язык: Русский
Количество подписчиков: 430
Описание канала:

Саламатсыздарбы! Кыргызстандагы Айыл чарба боюнча эң алгачкы канал №1
Пайдалуу, кызыктуу жаңылыктар менен бөлүшкүңүз келсе, же подписчиктерден кеңеш алуу, суроо берүү үчүн, бизге жазыңыз. ⏬⏬
@bagbanfermer
Иийгилик!

Рейтинги и Отзывы

4.50

2 отзыва

Оценить канал fermerler и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

1

4 звезд

1

3 звезд

0

2 звезд

0

1 звезд

0


Последние сообщения 3

2021-03-18 12:46:35 ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

Кышында аары багуу

Аарылар үчүн кыштын ар бир мезгили ийгиликтүү болуп эсептелет, эгер алардын уйку режими туура каралса.

Суук мезгилде аарыларды жер астындагы, жер үстүндөгү же жарым-жартылай жер астындагы имараттарда багууга болот.

Кандай шарттарды түзүп берүү керек?

1. Тандалган бөлмөдө талаптагыдай желдетүү болушу керек


2. Бөлмөдө кемирүүчүлөр жок экендигин текшериңиз


3. Аарылар реакция кылбай турган кызыл лампочкаларды гана колдонуңуз


4. Жымжырттыкты(эч кандай үндөр угулбасын) камсыз кылыңыз. Аарылар сакталган имаратка кирерде, аарылар ойгонбош үчүн, бир нерсени акырын аткарууга аракет кылыңыз.
Биздин канал https://t.me/fermerler
772 viewsДыйкан ., 09:46
Открыть/Комментировать
2021-03-18 08:25:11
Жаңылыктар

Министри Аскарбек Джаныбеков Андреа Баньолини “Айыл чарбанын отличниги” төш белгисин менен сыйлады
2021-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Бириккен улуттар уюмунун Ички дүң продукциясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Андреа Баньоли менен жолукту.


Жолугушууда айыл чарба тармагындагы эмгектенген дыйкандарды жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, кайра иштетүү цехтерин куруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.


Ошондой эле, COVID -19 пандемиясы учурунда муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздап, колдоо көрсөткөндүгү үчүн, министр Аскарбек Джаныбеков Андреа Баньолиге ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин атынан “Айыл чарбанын отличниги” төш белгиси менен сыйлады.
875 viewsДыйкан ., 05:25
Открыть/Комментировать
2021-03-18 08:24:17
Жаңылыктар

Өзбекстандан Кыргызстанга он миң көчөт жана өсүмдүктөрдүн жогорку сапаттагы үрөндөрү келет.
556 viewsДыйкан ., 05:24
Открыть/Комментировать
2021-03-15 13:35:19 Жаңылыктар Министр Аскарбек Джаныбековдун Өзбекстанга болгон иш сапары жөнундө маалымат
Министр Аскарбек Джаныбков өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Өзбекстан Республикасында болду.
Министрдин боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече натыйжаларга жетти. Тактап айтканда, Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.
Ошондой эле, Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп макулдашылды. Мындан сырткары, заманбап технологияларды колдонуп, мөмө-жемиш бактарынын заманбап сорттору менен бакча салуу чечими кабыл алынды. Өзбекстан Кыргызстанга акысыз 10000 мөмөлүү дарактын көчөттөрүн берет, алар келечекте көчөттөрдү отургузуу үчүн мамлекеттик сорттогу участокторго отургузулат.
Коңшу республикага болгон иш сапарыбызда, ошондой эле этти кайра иштетүү, биздин өлкөдө малды жасалма уруктандыруу, бордоп семиртүү, союу жана Өзбекстандын аймагына экспорттоодон баштап эт өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө макулга кол коюлду.
Мындан тышкары, Кыргызстанды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечилди.
Ошондой эле, Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспорттоо, илимий-изилдөө институттарынын кызматташуусу, тажрыйба алмашуу жана адистерибизди коңшу өлкөнүн ЖОЖдорунда окутуу маселесин талкууланды.
668 viewsДыйкан ., 10:35
Открыть/Комментировать
2021-03-15 13:33:54
690 viewsДыйкан ., 10:33
Открыть/Комментировать
2021-03-15 13:32:49 Урматтуу дыйкандар минералдык жер семирткичтер боюнча АКЦИЯ Чуй облусунда улантууда, төмөндөгү номерлерге кайрылып дүң баада минералдык жер семирткич алыңыздар.
Сокулук шаары, Калинин кочосу-1 15-Март куну
Виктор 0555332365.
Кант (Жылдама) Кант шаарынын Токмоко карай чыга бериши.
16- Март куну.
Улан 0704560001
Кемин шаары, Советская кочосу 160 (кызылча камрасы) 17- Март куну
Адыл 0707635810
Кара-Балта шаары, Жайыл Баатыр кочосу 287 ( жургунчулор автобазасы)
18- Март куну.
Самат 0706108788
1.6K viewsДыйкан ., 10:32
Открыть/Комментировать
2021-03-12 10:15:47
Колдонуучубуздан жарыя

Жети-Огуз району Ак-Терек айылынан оруктун кочотторун сатам сорттору абрикос лимонка каролевский шалах баасы 80-100сомдон тел:0508160570

Ал эми сиздерде дагы пайдалуу кеңеш, жарыя же суроолоруңузга каналдын катталуучуларынан жооп алгыңыз келсе бизге жазыңыздар @bagbanfermer
680 viewsДыйкан ., 07:15
Открыть/Комментировать