Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Жаңылыктар Министри Аскарбек Джаныбеков Андреа Баньолини “Айы | ФЕРМЕРЛЕР БАГБАНДАР Кыргызстан🇰🇬

Жаңылыктар

Министри Аскарбек Джаныбеков Андреа Баньолини “Айыл чарбанын отличниги” төш белгисин менен сыйлады
2021-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Бириккен улуттар уюмунун Ички дүң продукциясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Андреа Баньоли менен жолукту.


Жолугушууда айыл чарба тармагындагы эмгектенген дыйкандарды жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, кайра иштетүү цехтерин куруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.


Ошондой эле, COVID -19 пандемиясы учурунда муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздап, колдоо көрсөткөндүгү үчүн, министр Аскарбек Джаныбеков Андреа Баньолиге ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин атынан “Айыл чарбанын отличниги” төш белгиси менен сыйлады.