Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Мал жандыктарды идентификациялоо иштери жүрүүдө Бүгүнкү күндө | ФЕРМЕРЛЕР БАГБАНДАР Кыргызстан🇰🇬

Мал жандыктарды идентификациялоо иштери жүрүүдө
Бүгүнкү күндө республика боюнча 1721,7 баш бодо мал, андан сырткары 7821 асыл тукум жылкы жана 25,1 баш чочко идентификацияланып, идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун маалымат базасына киргизилди. Учурда мал жандыктарды идентификациялоо иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, 2020-жылдан тарта балык, аары колонияларын жана канатттууларды идентификациялоо толук масштабдуу жүргүзүлө баштады. Бүгүнкү күндө жалпы 943,800 канаттууларды камтыган 37 канаттуулар фабрикасы идентификацияланып, алар жеке чарбаларга катталып, план 100% га аткарылды. 1146 дыйкан чарбалары жана 70 267 аары бүлөлөрүн идентификациядан өткөрүп, план 80% га аткарылды. Балык чарбаларын идентификациялоого ылайык, 391 көлмөнүн жана суу сактагычтын 81 балык чарбасы өтүп, план 90% га аткарылды.