Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Органикалык айыл чарба департаменти айыл чарба өсүмдүктөрүн зы | ФЕРМЕРЛЕР БАГБАНДАР Кыргызстан🇰🇬

Органикалык айыл чарба департаменти айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден сактоочу биокаражаттарды өндүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Органикалык айыл чарба департаменти айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден сактоочу төмөнкү биокаражаттарды өндүрүүдө:
Энтомофагдар – зыяндуу курт кумурскалар менен азыктануучу организм. Алар: амблисейус, трихограмма, афелинус, габрабракон, алтынкөз.
Биопрепараттар – айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар түрдүү илдеттерине каршы, аларды интенсивдүү өстүрүү менен түшүмдүүлүгүн жогорулатууда биостимулятор катары колдонулат. Алар триходерминдер жана биолигниндер.