2021-06-24 10:58:30
Ассаламу алайкум уа рахматуЛлахи уа баракатуху.
Урматтуу ыймандуу мусулман бир туугандар!
Бүткүл Кыргызстандын эли улутуна, динине карабастан Баткен элине кол сунуп, жардам берип жатышат.
Биз мусулмандар мындай учурда башкалардан биринчи кол сунуп, көмөк көрсөтүүбүз керек.
Мусулмандардын кайгы капасына жана баштарына түшкөн кыйынчылыктарына жардам берүү Ислам динибиздеги эң чоң ибадаттардын бири экенин унутпашыбыз керек!
Керек болсо милдетибиз деп айтсак да жарашат.
Себеби: Пайгамбарыбыз ﷺ: «Мусулмандардын кайгысына жана түйшүгүнө кайдыгер болгондор бизден эмес» деген
Ошондуктан келиңиздер, Аллахтын ыраазылыгы үчүн колдон келген жардамыбызды биз дагы берели.
Аллахтын алдында берилген садакалар өлчөмү же чоңдугу менен эмес, ыкластуулугу менен бааланат.
Улуу Рамазан айында Аллах берген ырыскылардан колубуздан келишинче биз дагы Баткендик мусулман мекендештерибизге жардам берели!
Аллах Куранда чыныгы момундарды сыпаттап:
الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالْغَيْبِ وَيُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنفِقُونَ
«Алар кайыпка ишенишет, намаз окушат жана биз берген ырыскылардан башкаларга бөлүшүшөт» деген.
(Бакара, 3)
Биз, «Ыймандуу элим» коомдук бирикмеси топтолгон каражатты (аманатты) атайын барып, динге бекем, карапайым үй бүлөөлөргө жеткирип беребиз ин шаа Аллах.
Акча сала тургандар биздин атайын топтоо булактарыбызга салсаңыздар болот.
Же колго берсеңиздер болот.
Колго берүүчүлөр төмөнкү номерлер аркылуу байланышыңыздар.
Биздин реквизиттер :
Optima bank:
4169 5853 4426 9641
О'деньги
0700152343
0700580793
t.me/yimanduu_elim
--------------------------------------------
Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Кайсы бир мусулман, башка бир мусулмандын балээсин кетирген болсо, Аллах анын балээсин кыямат күнү кетирет». «Ал эми кимде ким кыйналып жаткан мусулмандын кыйынчылыгын жеңилдетип койо турган болсо, Аллах ал адамдын кыйынчылыктарын бул дүйнө акыретте женилдетип койот».
(Муслим: 2689)
Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Садакага берилген акчадан эч нерсе кемибейт». «Аллах кимге кечиримдүүлүктү берсе, ал адамды Аллах ызаттап көтөрүп койот». «Кимде ким Аллах үчүн жөнөкөй болсо Аллах аны көтөрүп койот».
(Муслим, 2588)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ар күнү асмандан эки периште түшөт да, анын бирөөсү: Оо Аллахым! садака бергенге береке бергин! - деп дуба кылат». Экинчиси: «сараң адамга жоготуу бергин»! - деп дуба кылат.
(Бухарий, 1442)
Садаканын шарапаты.
1- берилген акча тазаланат.
2- акчага береке берилет.
3- уурдалып жоголуудан сак - саламат калат.
4- Оору сыркоо, апааттан тосот.
5- акыретте эбегейсиз сыйлык алат.
t.me/yimanduu_elim
Instagram: https://instagram.com/yimanduu.elim?igshid=9rb1pp6l24v2
Facebook: https://www.facebook.com/groups/774638166596404/?ref=share от
96 views07:58