Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

“Channel 13” израиль телеканалында мусулмандардын ыйык шаары М | Исламский журнал UMMA

“Channel 13” израиль телеканалында мусулмандардын ыйык шаары Меккеде түз эфирде тартылган репортаж жарыяланды. 10 мүнөттүк материалда аталган каналдын редактору Гиль Тамари Меккени ээн-эркин кыдырып жүргөндүгү көрсөтүлгөн.

Мындай кадамга баруу менен израилдик журналист Сауд Арабиясынын мыйзамын бузду. Ошондой эле динди сыйлабагандыгы үчүн катуу сынга кабылды.

Тамари мусулман эместер үчүн кирүүгө тыюу салынган Меккенин арткы дарбасынан кирген. Мунусу аз келгенсип, журналист ажылык учурунда мусулмандар чогулган Арафат тоосунда селфи кылган.

Ыйык жерге кирген алгачкы израилдик журналист жөнүндө кабар аз убакыттын ичинде резонанс жаратты. Көпчүлүккө жакпаган иш кылгандыгын түшүнгөн Тамари кийинчерээк Твиттерде англис тилинде кечирим сураган: “Эгер бул видео кимдир бирөөнү капалантса, чын жүрөктөн кечирим сурайм”.

Белгилей кетсек, Меккеге кирүү мусулмандарга гана уруксат берилген. Бул эреже бузулса, айып салынат же депортация кылынат.