2021-10-28 16:01:51
Cүйүнчү, бүгүн бизде сонун жаңылык бар!
Эми биз Women in Tech Summitине катышуу мүмкүнчүлүгүн Кыргызстанда расмий түрдө жайылтабыз.
Бул эмнени билдирет? Биздин өнөктөшүбүз, Бьянки Сивинска өкүлү болгон “Перспективы” фонду 2022-жылдын 7-8-июнунда Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган Women in Tech cаммитине катышуу үчүн 15 грант бөлдү.
Атайын 18 жаштан 24 жашка чейинки кыздар үчүн 15 орун бөлүндү, саммитке катышууга кеткен төмөнкү чыгымдар толугу менен каржыланат: саммитке катышуу акысы, Бишкек-Варшава-Бишкек рейси, иш-чара учурунда Варшавада жатакана (bed-and-breakfast).
Эмне үчүн катышууга өтүнмө тапшыруу керек?
Women in Tech Summit- бул технология чөйрөсүндө эмгектенген айымдарды бириктирген, окуткан жана шыктандырган техникалык конференция. Акыркы жолу болуп өткөн конференцияга 103 өлкөдөн 8363 катышуучу катышкан.
Конференциянын пайдалуулугу:
Биринчиден, сиз технологиядагы жаңы тенденциялар менен таанышып, пайдалуу талкууларга катыша аласыз.
Экинчиден, ийгиликтүү карьера же билим алуу үчүн кандай көндүмдөр керектиги жөнүндө түшүнүк ала аласыз.
Үчүнчүдөн, бонус катары бизнес жана технология тармагында иштеген аялдар менен жеке таанышуулар жана байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болосуз.
Грантты утуп алуу үчүн эмне кылуу керек:
1. Cайтка кирүү: http://polandithub.pl/
2. Өтүнмөнү толтуруу: https://womenintechsummit.pl/form/38qufj5rl6
3. Жыйынтыкты күтүү! Саммит датасына жакыныраак сиз менен сөзсүз түрдө байланышка чыгышат.
Баарыңарга ийгилик!
Ал эми жашыруун түрдө айтып коелу, биздин команда гранттардын санын көбөйтүү үчүн катуу иш алып барууда. Жаңы кабарлар болсо, баарына маалымдайбыз! Биздин баракчадагы жаңыртууларды байкап, убактыңызды текке кетирбестен өтүнмөнү азыр толтурууну сунуштайбыз.
615 views13:01