Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Адамдын ѳмүрү кыска. Биз бул жарыкта белгилүү гана убакыт жаша | Precedentinfo

Адамдын ѳмүрү кыска. Биз бул жарыкта белгилүү гана убакыт жашайбыз жана ошол убакыттын ичинде жоро-жолдоштор, пикирдештер жана ѳнѳктѳштѳр менен мамиле түзгѳнгѳ, сүйүүбүздү тапканга, үй-бүлѳ курганга жетишип, ѳмүрүбүздү мүмкүн болушунча кызыктуу жашап ѳткѳнгѳ аракет кылабыз. Турмушубузда ар түрдүү, бирок ошол эле учурда окшош жактары кѳп адамдарды кезиктиребиз.

Албетте, бардыгы эле биз каалагандай боло бербейт: ийгиликтер жана тѳмѳндѳѳлѳр болот, кимдир бирѳѳ алдыга койгон максаттарына жетет, башкасы жашоодон кѳксѳгѳн нерсесине жете албайт. Бирок буларга карабастан жашоо ѳз агымы менен кетет, бардык нерсени ѳз ордуна коёт, ал эми биз ѳмүрү ѳткѳндѳрдү эсибизде сактап кала беребиз.

http://precedentinfo.kg/2021/11/24/sanarip-muras-2/?lang=ky