Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Урматтуу мусулмандар! Адам баласы кылган ишине, айткан сөзүн | СУРОО - ЖООП

Урматтуу мусулмандар!

Адам баласы кылган ишине, айткан сөзүнө же берген убадасына кимдир бирөөнү ишендирүү үчүн өзүнүн жүрөгүндө эң чоң, улук болгон нерсе менен касам ичет. Мусулман адамдын жүрөгүндө улук, сыйынууга татыктуу зат - бир гана Аллах. Ошондуктан, Ислам дининде ар бир мусулман үчүн бир гана Аллахтын аты менен касам ичүүгө (ант ичүүгө) болот. Ал эми Аллахтан башка нерселер менен касам ичүү (ант берүү) ширк болот.
Бизде адамдар Ислам өкүмдөрүнөн өтө сабатсыз болгондуктан, өзүнүн ишине же сөзүнө ишендирүү максатында ар кандай нерселер менен касам ичишет.

Мисалы:
Нан урсун
Туз урсун
Караңгы түн урсун
Куттуу жерде турам
Куттуу жолдо баратам
Куттуу дастаркондо олтурам
ж.б. өтө көп сөздөр бар.

Ахлю сунна аалымдары ушуга окшогон нерселерден катуу кайтарышат. Ал эми өкүмүн - эгер тилинде Аллахтан башка нерсе менен касам (ант) ичсе кичине ширк болот, ал эми касам ичкен нерсени жүрөгүндө, ишениминде Аллахка теңесе же Аллахтан жогору койсо, анда чоң ширк болот деп айтышат.

Хадисте: Абдуллох ибн Омар бир адам Меккедеги мусулмандар тауаф кылчу Кааба менен касам ичкенде, андан катуу кайтарган. Эгер Исламда берекелүү мечит болгон Кааба жана пайгамбардын аты менен касам ичүү мүмкүн болбосо, күндө жеп жүргөн нан, туз, эт урсун деп ж.б. нерселер менен касам ичүү эч мүмкүн эмес. Ошондуктан мусулман Аллахка эч нерсени шерик кошпой, дин өкүмдөрүн жакшылап үйрөнүүсү керек. Себеби динин билбеген адам билимсиздиктен ар кандай чоң ширк, кичине ширк, чоң күнөө ж.б. арам нерселерге түшүп калышы толук мүмкүн.

Далилдер:

Абдуллох ибн Умар бир адамдын Кааба менен касам ичкенин угуп, аны андан кайтарып, "мен Аллахтын Элчиси ﷺ: "Кимде-ким Аллахтан башка нерсе менен касам ичсе - шерик кошкон болот деп айтканын уктум"" - деген.

Абу Дауд 3251
Хадис сахих


Абдурохман ибн Самуродон риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Аллахтан башка сыйынылып жаткан нерселер жана атаңар менен касам ичпегиле!""

Муслим 1648


Абдуллох ибн Умардан риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимде-ким касам (ант) иче турган болсо, Аллахтын аты менен касам ичсин же унчукпасын!""

Бухари 2679


Абу Хурайрадан риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Атаңар, энеңер жана Аллахка теңеп жатышкан нерселер менен касам (ант) ичпегиле! Эгер касам ичсеңер, жалгыз Аллахтын аты менен жана чынчыл болгон абалда касам ичкиле!""

Абу Дауд 3248
Хадис сахих.

Талас Артыкбаев

https://t.me/islamtaanuu/356