Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Шаууаль айында алты күн орозо тутуу Абу Аюуб Аль-Ансорийден ( | ИСЛАМ ТААНУУ

Шаууаль айында алты күн орозо тутуу

Абу Аюуб Аль-Ансорийден (андан Аллах ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, андан кийин шаууаль айында алты күн артынан орозо кармаса - бир жыл орозо кармагандай болот."


Муслим 1164


Өкүмү кандай?

- Сүннөт. Ким кармаса бир жыл толук орозо кармагандай сооп алат. Ал эми ким таштаса күнөөкөр болбойт.

Качан кармоо керек?

- Айт майрамынын эртеси, экинчи күнү эле кармап башталат ал эми Айт күнү орозо кармаганга болбйт.

Канча күн кармоо керек?

- Алты күн орозо кармалат.

Бөлүп-бөлүп кармаса болобу?

- Ооба. Шаууаль айынын башында, ортосунда, аягында бөлүп-бөлүп кармаса болот.

Кандай кармаганы жакшы?

- Айттан кийин, Шаууаль айынын башында, бөлбөй жана катарынан кармаган жакшы.

Рамазандан карызы барлар кармай берсе болобу?


- Рамазан айынан карызы барлар ошол казасын өтөп бермейинче кармаганга болбойт. Себеби хадисте Рамазанды кармап анан артынан алты күн кармаса деп айтылган. Ошол үчүн карызын шаууаль айында өтөп анан алты күнгө жетишсе, кармаса болот.

Баштаган адам бүтпөй калса күнөкөр болбойбу?

- Жок. Мунун өкүмү - сүннөт. Колдон келишинче жакшы ниет менен кармай берүү керек. Бир себептерден улам толук бүтпөй калсаңыз күнөөкөр болбойсуз. Тескерисинче, эки же үч күн болсо дагы ал үчүн сооп аласыз.

Бул алты күндү кармаганда Рамазандагы карызымды да ниет кылып кармасам экөөн тең кутулууга болобу?

- Жок, андай болбойт! Моюнуңузда парз орозо турганда сүннөт орозо менен алектенбеңиз, биринчи казаны бүтүрүп анан алты күндү кармаңыз, бешимдин парызы менен сүннөтүн кошуп бирге окуу мүмкүн болбогон сыяктуу эле болбойт, ал эми кээ бир адамдардын кошсо болот деген сөзүнө көңүл бурбаңыз, ал туура эмес.

Шаууаль деген эмне?

- Шаууаль деген Рамазан айынан кийинки айдын аты.

Сообу кандай?

- Бир жыл толук орозо кармагандай сооп болот.
______________________

Талас Артыкбаев

http://t.me/islamtaanuu