Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

КЕМЧИЛИК. Бир акылман адамдын алдына шакирттеринен бирөө келе | ISLAMSKIE

КЕМЧИЛИК.

Бир акылман адамдын алдына шакирттеринен бирөө келет да, аялынын колу катуу, сараң экенин айтып арызданат. Акылман адам анын үйүнө келет да, муштумун түйүп туруп ал аялга көргөзөт:
— Мисалы, менин колум ар дайым ушинтип түйүлгөн абалда жүрсө, ал эмне болот?
— Анда ал бир кемчилик болот, – дейт аял. Ал колун толук ачып туруп:
— А эгер ар дайым жумулбай, ушинтип ачык бойдон жүрсөчү?
— Анда ал да кемчилик болот, – деп жооп берет аял. Ошондо акылман:
— Эгер сен ушуну түшүнгөн болсоң, анда жакшы жар болосуң, – дейт да, чыгып кетет. Мына ошондон кийин ал шакирти аялынын сараң болбой, бардыгына сарамжалдуу болуп оңолуп калганын айтат.

Жарык дүйнөдө бардыгы сонун, бирок ошолорду көркүнө келтирип турган жароокер жакшы жар болот. (Хадис)

Эрге жаккан аял элге да жагат. (Макал)

Аял жакшы – эр жакшы. (Макал)

Акылдуулук сулуулуктун ордуна жүрөт. (Стендаль)

Кетирген кемчиликтен уялба, кемчиликти сезүү – турмуштун эң мыкты сабагы, өзүн–өзү тарбиялоонун мыкты каражаты. (Карлейл)