2022-06-24 11:40:22
Биз БАШТАдык
"Жаран" мектебине катышуучуларды тандоо башталды!
"Жаран" мектеби — бул коомдук жана саясий лидерлерди, эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, өзүнө жана коомуна жоопкерчилик алган активдүү жаратмандарды бириктирген атайын аянтча.
Биздин мектеп өз коомун, регионун жана өлкөсүн өнүктүрүүгө салым кошом деген жарандар үчүн эң ыңгайлуу жай.
ЖАРАНДЫК, ЛИДЕРЛИК, ЭРКИНДИК баалуулуктарын кармануу менен уюштурулган мектеп Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү орчундуу маселелерди талкуулоо, жаңы ачылыштарды жасоо жана максатташтарды бириктирүүнү көздөгөн платформа.
Бул үч күндө сиз, өз ишин мыкты аткарган инсандар, кесипкөй устаттар жана идеялаш достор менен таанышасыз.
Катышуу үчүн арыз формасын толтуруңуз: https://docs.google.com/forms/d/1Penj5AS5YCHgKqN2GkgeaEVFgYhbc0fFbdOGMey3JZo/edit
Кабыл алуу 2-июлга чейин.P.S. Катышуучулардын жаш курагы 18 жаштан өйдө болуусу керек
Кененирээк маалымат: https://instagram.com/jaran_mektebi?igshid=YmMyMTA2M2Y=
Сурап билүү үчүн: 0707-008-731 Адина
@bashtan_bashta
162 views08:40