2022-06-20 18:53:44
Индия менин балалыгымда
Мамам айтып калат… Сен торолгондон, эс туткандан баштап эле Индиянын ырлары, бийлери, тасмалары менен ооруп чонойдун деп. Алгачкы жолу 3 жашта чон сахнага чыгып, индия бийин бийлеп артист катары тушоом кесилген.
Менин чыгармачыл инсан катары калыптанышыма Индия элинин маданиятынын таасири чон! Эмнеге? Себеби, алардын тасмаларында ырчы десен ырчы, бийчи десен бийчи, актёрдук чеберчилик… деги койчу торт тарабы келишкен, чыгармачыл инсанга керектуу баардык касиеттери бар!
Кичинекей кезимде индийский кинодогу сулуу актрисаларды коруп… Мама эмнеге мен ушундай сулуу эмесмин деп ыйлачуумун Мамам болсо ким айтты, сен сулуусун, сен азыр кичинекейсин, чонойгондо булардан дагы сулуу болосун деп соротуп койчу.
Чачымды жазып, пешенеме кызыл точканы коюп, апамдын жолугун белиме байлап, уйумдун астында короого чыгып, магнитофонду коюп алып…концерт койчумун Музыканы коюп бийлеп жатканда эле кошуналар чогулуп кол чаап, ышкырып дайыма шандуу маанайда колдоп турушчу.
Жамгыр жааса, катуу шамал болсо, озумду тимеле тасмадагы сулуу элестетип, заматта харизма кнопкасы басылат эле. Тасмадагыдай жагымдуу кыймыл аракеттерди жасап, басып баратканда баары мени карап жаткандай…озумду укмуш сулуу элестетип басат элем.
Мектепте 1-класста окуп жургондо, кыздарга Митхун Чакраборти менин жигитим болот деп, турдуу окуяны токуп айтып берчумун. Кызыгы алар дагы ошого ишенет эле.
Бир учурда Ош базар жакта жашайт элек. Кундо уйдо видиктен индия тасмаларын корот элем. Кун алыс видео прокатка каттап, 2 чон видео кассеталарды алып, кубанычыма чек жок кудундап, суйунгон бойдон уйго чуркап келип чыдамсыздык менен коюп корот элем. Ошентип эс тарткандан баштап 3000ден ашык тасма коруп коюптурмун.
Биздин чойрого караганда алардын чыгармачыл инсандарын жакшыраак билсем керек. Индия олкосуно баруу кичинемден болгон кыялым. Турмушка чыга электе ата-энем чет олкого чыгарбайт болчу, турмушка чыкканда жолдошун менен бара бересин деп. Турмушка чыккандан кийин жолдошума карап журдум, себеби ишине байланыштуу чет жака чыгалбайт болчу. Бирок эми убагы келип жакындап калгандай буюрса…эми барам
Кызыктуу болдубу?
8.0K viewsAigerim Rasul kyzy , 15:53