Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Кандайсыздар кадырлуу катталуучулар! Бүгүнкү сиздер менен с | Sunna Medicine

Кандайсыздар кадырлуу катталуучулар!

Бүгүнкү сиздер менен сүйлөшө турган тема көп катталуучуларыбыз күткөн, колду жууганга зыянсыз самындар тууралуу болмокчу.

Бирок мындай самындар менен бетти жана интимдик зонаны жууганга болбойт.

Анда кеттик.

Мен бул макалада кандай сымындарды колго колдонсо болот экенин айтам:

1. Самын түссүз болуш керек
2. Самын жытсыз болуш керек
3. Самындын сыртында "антибактериальная" деген жазуу болбош керек. Себеби мындай самындарда ТРИКЛАЗОН деген коркунучтуу антибиотик бар. Жакшысы колдонбой эле койгула.
4. Эгер сиз колдонуп жаткан самындын жыты буруксуп, көбүгү аябай көп болуп жатса химиялык заттардын эң көп курамын сактаган самын болот. Аны колдонбой дароо жок кылыңыз!
5. Баасы арзан бир пакеттин ичинде 5 шт болгон самындарды да колдонбоңуз.
6. Көбүгү аз болгон самындарды колдонуңуз, анткени ошолор коркунучсуз.
7. Колуңузду жууганда суюк самын менен жууганга аракет кылыңыз. Анткени суюк самындар колдун кургап кетишин алдына алат. Ошондой эле катуу самындар менен ар ким ар кандай колун жуушу мүмкүн. Ошол себептүү суюк самын сунуштайм.
8. Самын алып жатканда сөзсүз курамына караңыз, эгер ал жактан мурунку видеодо айтылган заттарды көрсөңүз такыр албаңыз.
9. Мүмкүн болушунча баасы кымбат самын алганга аракет кылыңыз.
10. Бул макаланы окуган соң сөзсүз лайк басып башкаларга бөлүшүңүз.

Өз пикиринизди калтырып кетүүнү да унутпаңыз.

Кийинки макалада бетти эмне менен жууш керек экени айтабыз.

Маалымат аманат!