Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Өзүңүздөр билгендей эле биз Кыргызстанда эң алгачкы болуп бир | Sunna Medicine

Өзүңүздөр билгендей эле биз Кыргызстанда эң алгачкы болуп бир жолу колдонуп ыргытылуучу банкаларды колдонуп баштаганбыз.

Азыр Аллахка шүгүр көпчүлүк хиджама адистери бир жолу колдонуп ыргытылуучу банкаларды колдонуп калышты.


Бирок ошого карабастан акыркы учурларда биздин бейтаптар бул суроону өтө көп бере турган болду: "Эмнеге силер набор банкаларды колдонбойсуңар?".

Бир нече себеби болгондуктан сиздерге макала кылып жазууну туура көрдүм.

1. Бизде сатылып жаткан "набор банкалар" кытайдан алынып келинет. Эч кандай сапатына кепилдик берген сертификаттары жок.

2. Биз бейтаптарыбызды кыйнап көчөдөн өзүн сатып кел деп алардын убактысын жана күчүн кетиргибиз келбейт.

3. Набор банкаларды 300 сомдон алып, аларды набору сатып келе албаган бейтаптарга 600 сомдон сатып эптеп акча кылалы деген оюубуз жок.

4. Наборду эптеп сатуу максатында "ушул набор менен 1-2 жыл, жада калса өмүр бою хиджама кылдырып жүрө берсеңиз болот" деп карапайым адамдардын башын айлантып оорукчан кылууну каалабайбыз.

5. Набор банкалардын өлчөмдөрү ар кандай болгондуктан биздин протоколдун нормаларына туура келбейт. Анткени бизде жада калса банкалардын размери да бейтаптын ал акыбалына жана түзүлүшүнө карата тандалып алынат.

Мындан тышкары себептери толтура, алардын баарын айтып башыңыздарды оорутпай эле койойун.

Ошондуктан кайсы бир жерге барып хиджама жасатууну кааласаңыз ушундай нерселерге өзгөчө көңүл буруңуз.

АНАН ЭСКЕРТИП КЕТЧҮ НЕРСЕ, "БИР НАБОРДУ 1-2 ЖЫЛ КОЛДОНО БЕРСЕҢИЗ БОЛОТ, АНТКЕНИ БУЛ СИЗДИКИ ДА" ДЕП ЖҮРГӨН АДИСТЕРДЕН АБАЙЛАҢЫЗДАР! ЧЫНЫГЫ ӨЗ ИШИН МЫКТЫ БИЛИП, БЕЙТАПТАРЫ ҮЧҮН КАМ КӨРГӨН АДИС МЫНДАЙ КЫЛБАЙТ.

МЫНДАЙ КЫЛУУ ТУУРА ЭМЕС, АНТКЕНИ КАН ТИЙГЕН МЕДИЦИНАЛЫК МАТЕРИАЛДЫ ДАРОО УТИЛИЗАЦИЯ КЫЛУУ КЕРЕК.


БУЛ ДЕН СООЛУК ҮЧҮН ӨТӨ МААНИЛҮҮ!

Эгер макала жакса лайк басып башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
______________
Бекжан Турабеков - "Sunna Medicine" хиджама адистеринин ассоциациясынын президенти.