Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

'Эркин кыз' коомунун жамааты, сиздерге биринчи жолу өткөрүлүп | Sharing is Caring

"Эркин кыз" коомунун жамааты, сиздерге биринчи жолу өткөрүлүп жаткан "Жаңыл Мырза" онлайн дебаттык турнирин тартуулоого кубанычтабыз!!!

Бул онлайн-дебаттык турнирдин максаты - Кыргызстандагы кыздардын жашоосундагы маанилүү суроолорду көтөрүп чыгуу жана аларга жооп издөө.

Турнир 29-январь күнү онлайн форматында өткөрүлөт. Турнирдин тизмеси менен посттун экинчи баракчасында таанышсаңар болот!

Турнирге Кыргызстандын бардык аймагындагы 14 жаштан жогорку каалоосу курч кыздар катыша алышат. Дебаттарга катышуу тажрыйбасы маанилүү эмес. Биринчи жолу катышып жаткандарга онлайн тренинг өткөрүп, бардыгын түшүндүрөбүз.
Турнир кыргыз тилинде өткөрүлөт.

Катышуу үчүн 2 кыздан топ түзүп, каттоодон өтүү керек.

Салым: Бир топко 100 сом.
0709748249 (Айназик) номерине единица кылып жөнөтүп, ошол заматта бул номерге WhatsApp’ка белгилеп коёсуздар.
Жеңүүчүлөргө белектер каралган.

Катталуу: здесь

Дедлайн: 27-январь

@shareandcare