Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

«РСК Банк» ААКсы «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбо | «РСК Банк»⚪️🔵

«РСК Банк» ААКсы «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоорунун алкагында Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыяларды берүүдө.

Камчыбеков Арзыбек Раззаков шаарынын тургуну. Ал мал-чарбачылык менен алектенет. Банктын каржылоосу менен дыйкан малдын санын көбөйттү.

Арзыбек мырзанын иши боюнча сюжеттен көрүңүздөр

Эстете кетсек, «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоорунун алкагында насыядар төмөндөгү шарттар менен берилет.

Кредиттин суммасы: максаттуу тармактарга жараша 10 000 000 сомго чейин.

Акыркы пайыздык чен жана кредиттин мөөнөтү:
36 айга чейинки кредиттер үчүн - кредиттер боюнча пайыздык чен жылдык 0% түзөт;
60 айга чейинки кредиттер үчүн - алгачкы 36 ай үчүн пайыздык чен - жылдык 0%, акыркы 24 ай - жылдык 3% менен.

Күрөөсүз кредиттер: 300 000 сомго чейин, 36 айга, негизги сумманы төлөөгө жеңилдетилген мөөнөт берилбестен.

Жеңилдетилген мезгил: Карыздын негизги суммасы боюнча 12 айга чейин төлөмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу.

Бардык суроолор боюнча (0571) 05 05 81, (0770) 60 23 30, (0771) 23 24 86 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.
——————-
0312 / 0552 / 0706 / 0775 911 111
www.rsk.kg
#рскбанк #баткен