Агрардык тармакта чарба жүргүзүүчү субъекттерди колдоо үчүн «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору уланууда. «РСК Банк» долбоор боюнча 60 айга чейинки мөөнөткө жылдык 6% (натыйжалуу чен 6,3%) менен жеңилдетилген кредиттерди берүүдө. Ошол эле учурда дыйкандардын бардык категорияларына 300 миң сомго чейин 36 айга чейин күрөөсүз кредиттер берилет. Жеңилдетилген насыялар төмөнкү кластердик багыттарда берилет: Кант; Жемиштер жана мөмөлөр; Эт; Картошка; Сүт; Жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү; Дан; Өсүмдүк майы; Тоок жумурткасы. Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 58 01 20, 58 01 19, (0555) 25 54 30 телефондоруна кайрылсаңыздар болот. 275 views05:05