Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

​​«РСК Банк» ААКсы COVID-19 кесепеттеринен жапа чеккен ишкерле | «РСК Банк»⚪️🔵

​​«РСК Банк» ААКсы COVID-19 кесепеттеринен жапа чеккен ишкерлерди колдоонун алкагында кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 1 миллион сомго чейин пайызсыз насыя берет.

Долбоор эки категориядагы чакан жана орто бизнести насыялоону карайт:

Микро ишкерлерге - 250 000 сомго чейин.

Азыркы учурда, ошондой эле 01.07.2018-жылдан тарта 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер.

Чакан жана орто бизнес - 1 000 000 сомго чейин.

01.07.2018-жылдан бери 8 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.

01.07.2018-жылдан тарта 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган юридикалык жактар.

Насыянын максималдуу мөөнөтү – 18 айга чейин.

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 58-01-20 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.