Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

«РСК Банк» ААКсы «Айыл чарбасын каржылоо-10» мамлекеттик долб | «РСК Банк»⚪️🔵

«РСК Банк» ААКсы «Айыл чарбасын каржылоо-10» мамлекеттик долбоорунун алкагында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытына жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантууда.

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү - 6% (нат. чен 6,17%) - категориясына тɵмɵнкүлɵр кирет:

айыл чарба продукциясын (дан, буурчак, эт, балык, сүт, тери, жүн) кайра иштетүү;
балыктарды кайра иштетүү жана консервациялоо;
мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү жана консервациялоо;
өсүмдүк жана жаныбарлардын майларын өндүрүү;
айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют өндүрүү;
минералдык сууларды өндүрүүнү кошпогондо, айыл чарба продукциясынан тамак-аш азыктарын өндүрүү (анын ичинде айыл чарба продукциясынын кайра пайдаланылуучу чийки затынан);
айыл чарба продукциясын таңгактоо, чогултуу жана сактоо, анын ичинде жашылча кампалары;
малды жана канаттууларды союучу жайлар;
кийиз жана кийиз буюмдарын өндүрүү;
айыл чарба продукциясын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатууну уюштуруу боюнча логистикалык борборлор.

АЧК-10 долбоору жөнүндө Алатоо24 сюжетин сунуштайбыз.
——————-
0312 / 0552 / 0706 / 0775 911 111
www.rsk.kg
#рскбанк #ачк10 #фсх10