Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

ELDEMI - Маалымат Спутниги

Логотип телеграм канала @maalymatsputnigi — ELDEMI - Маалымат Спутниги E
Логотип телеграм канала @maalymatsputnigi — ELDEMI - Маалымат Спутниги
Адрес канала: @maalymatsputnigi
Категории: Без категории
Язык: Русский
Количество подписчиков: 1.49K
Описание канала:

Стипендия жаңылыктары👨‍🎓🇰🇬
Демилге жөнүндө: @eldemi_kg
Суроолор үчүн: @info_suroolor
Англис тили: @eldemienglish
YouTube :http://bit.do/eldemi_webinar
Университеттер: https://t.me/kg_univer
Жрт: https://t.me/JRT_test
📚https://t.me/eldemikitep

Рейтинги и Отзывы

2.50

2 отзыва

Оценить канал maalymatsputnigi и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

1

3 звезд

0

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения 3

2022-08-02 12:00:08
Германияда IT тармагы боюнча акы төлөнүүчү жайкы стажировка

#eldemi #studyabroad #opportunity

Макс Планк Программалык Системалар Институту студенттерге ITнин бардык багыттары боюнча илимий практикадан өтүүнү сунуштайт.

Практиканттар аспиранттар жана окутуучулар менен тыгыз кызматташтыкта ​​татаал изилдөөлөдү, тапшырмаларын аткара алышат. Ийгиликтүү стажерлор көбүнчө авторлоштурулган басылмаларды жана алдыңкы илимий конференцияларда баяндамаларды жасашат.

Негизги талаптар:
Бакалавриат, магистратура же аспирантура студенти болуу
Информатика боюнча негизги билимге ээ болуу
Англис тилин жакшы билүү

Артыкчылыктары:
Айлык стипендия
Жатакана
Саякат чыгымдары

Дедлайн: 1-ноябрь, 2022-жыл

Толук маалымат үчүн
https://www.cis.mpg.de/internships/
162 viewsedited  09:00
Открыть/Комментировать
2022-07-30 12:45:02
ЕККУнун Бишкектеги Академиясынында окуу үчүн грант

#eldemi #opportunity

ЕККУнун Бишкектеги Академиясы экономика багытында жыл сайын конкурстук негизде жалпысынан 20-25 студентти кабыл алат. Программа эл аралык өнүгүү, экономика жана менеджмент тармагында билим алууну каалаган таланттуу абитуриенттер үчүн иштелип чыккан.

Программа 2022-жылдын 1-сентябрында башталат.

Финансылык колдоо:
Акысыз тренингдер
Стипендия айына 110 евро (4 жыл)
Транспорттук чыгымдар
Медициналык камсыздандыруу (Кыргызстандын жарандарынан тышкары)

Талаптар:
Жарандыгы: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан
Орто жалпы билими тууралуу аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом
Англис тилин жакшы деңгээлде билүү
ОРТ сертификаты (Кыргызстандын жарандары үчүн)

Дедлайн: 2022-жылдын 18-августу (Кыргызстандын жарандары үчүн) / 2022-жылдын 14-августу (башка өлкөнүн жарандары үчүн).

Толук маалымат үчүн
https://osce-academy.net/en/seminars/full/205.html
373 viewsedited  09:45
Открыть/Комментировать
2022-07-29 08:32:01
Эл аралык экология боюнча онлайн олимпиада

#eldemi #opportunity #competition

Климат таануу олимпиадасы климаттын өзгөрүшү проблемасын чечүүнүн жолдорун табууга багытталган. Олимпиадага 12 жаштан 25 жашка чейинки окуучулар жана студенттер катыша алат. Бардык катышуучулар сертификаттарды алышат.

Олимпиада төрт этаптан турат. Биринчи этап - 25 мүнөттүк онлайн викторина, ал эми акыркысы - климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык көйгөйүн чечүү боюнча бир жумалык долбоорду иштеп чыгуу.

10 жеңүүчү акчалай сыйлыктарды алат:
1-орун – $5000
2-орун – $3000
3-орун - $2000
4-6-орундар – $1000
7-10-орундар – $500

Жеңүүчүлөргө Каирде өтүүчү БУУнун климат боюнча саммитинде өз долбоорлорун көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Олимпиадага катышуу бекер!

Дедлайн: 10-август, 2022

Толук маалымат үчүн
https://climatescience.org/olympiad
400 views05:32
Открыть/Комментировать
2022-07-27 12:31:09
АКШда бакалавриатта окуу үчүн стипендия

#eldemi #studyabroad #opportunity

Майами университети эл аралык студенттер үчүн эң престиждүү стипендиялардын бирин сунуштайт. Стипендия университетте берилген бакалавриат программаларына тиешелүү жана жигердүү жашоо образы жана жетишкендиктери бар талапкерлер үчүн иштелип чыккан.

Талаптар:
Программалардын бирине тапшыруу;
Англис тилин билүү;
Мектептеги жана андан кийинки жетишкендиктер.

Стипендия төмөнкүлөрдү камтыйт:
Окуу акысы;
Жатакана жана тамактануу;
Медициналык камсыздандыруу;
$12,000 (изилдөө, стажировка, мобилдүүлүк программаларына катышуу ж.б. үчүн).

Дедлайн: 1-ноябрь, 2022.

Толук маалымат үчүн

https://admissions.miami.edu/undergraduate/financial-aid/scholarships/stamps/
459 views09:31
Открыть/Комментировать
2022-07-26 14:55:00
Пекиндеги Tsinghua университетинде окуу үчүн Schwarzman стипендиясы

#eldemi #studyabroad #opportunity

Стипендия дүйнөлүк лидерлердин жаңы муунун даярдоо жана 21-кылымдын геосаясий пейзажына жаңыча көз салуу үчүн иштелип чыккан. Бул программа дүйнөдөгү эң мыкты студенттерге Кытайдын эң абройлуу университеттеринин бири болгон Tsinghua университетинин магистратура программасында лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн жана билимин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Стипендия төмөнкү программалардын бирине кирген магистранттарга төлөнөт: Мамлекеттик саясат, Экономика жана бизнес, Эл аралык изилдөөлөр.

Окуу англис тилинде өтөт.

Талаптар:
Бакалавр даражасы
жашы 18-28 жаш
Англис тилин билүү

Дедлайн: 20-сентябрь, 2022-жыл

Толук маалымат үчүн
https://www.schwarzmanscholars.org/admissions/
451 viewsedited  11:55
Открыть/Комментировать
2022-07-25 13:09:08 https://www.instagram.com/p/CgYf-0bIqyp/?igshid=YmMyMTA2M2Y=
403 views10:09
Открыть/Комментировать
2022-07-25 13:09:04
☆ВЕБИНАР☆

-июль күнү саат : да Эл аралык Ала-Тоо университети тууралуу таанытуу вебинар болуп өтөт.

Эгерде сиз 10-11 класста окуп же болбосо окууну бүтүп университетке тапшырайын деп жатсаңыз анда бул вебинар сизге чоң жардамын берет. Вебинарда Ала-Тоо университетинин окуу шарттары, кантип тапшыра тургандыгын жана кандай артыкчылыктары бар экендиги тууралуу маалымат алып жана сиздерди кызыктырган суроолоруңузду бере аласыздар

Ал эми вебинарда Эл аралык Ала-Тоо университетинин IT факультетинин 4-курсунун студенти
Актан Асанкулов конок болмокчу.

Андыктан суроолоруңузду даярдап эфирге кечикпей келиңиз♡

Вебинар биздин баракчабызда түз эфир аркылуу өтөт. Вебинарга катыша тургандар комментарийге + калтырыңыздар

#eldemi #eldemi_eldin_demi #eldemi_jashtar #мүмкүнчүлүк #жртгадаярдык #өнүгүү #ийгиликсыры
415 views10:09
Открыть/Комментировать
2022-07-25 08:08:42
Гарвард университетинин стипендиясы

#eldemi #studyabroad #opportunity

MBA үчүн Бустани Гарвард бизнес мектебинде эки жылдык курска берилет. Ийгиликтүү студенттер Бустани фонддо эки айлык акы төлөнбөгөн стажировкадан өтө алышат. Долбоорлор ар түрдүү жана Фонддун же анын өнөктөштөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Программа төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
Окуу акысын төлөө үчүн жылына $50 500 өлчөмүндө каржылык жардам
Практикага байланыштуу жол киреге жана жатаканага кеткен чыгымдардын ордун толтуруу.

Талаптар:
Талапкерлердин жогорку академиялык көрсөткүчтөрү;
Бардык өлкөнүн жарандары;
Талапкерлер Гарварддын MBA программасына кабыл алуу сунушун алгандан кийин гана стипендияга кайрыла алышат.

Дедлайн: 31-май, 2023-жыл.

Толук маалымат үчүн
https://boustany-foundation.org/scholarship-programmes/mba-harvard/
417 views05:08
Открыть/Комментировать
2022-07-23 15:12:57
ЖОЖдордун мугалимдери үчүн АКШга барып келүү мүмкүнчүлүгү

#eldemi #opportunity #development

АКШдагы Мичиган университетинин Европа жана Евразия боюнча Рональд жана Эйлин Вайзер борбору Weiser Professional Development Awards программасына талапкерлерди кабыл алууну баштады. Талапкерлер англис тилин жакшы билиши керек. Программа Мичиган университетинде 4 жума же 3 айга созулган кыска изилдөө сапарларын камтыйт.

Уюштуруучулар төлөйт:
Эки тарапка авиа билет
Жатакана
Медициналык камсыздандыруу
Чыгымдар

Талаптар:
Армения, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстандан өлкөлөрүнүн университет мугалими болуу.

Дедлайн: 15-сентябрь, 2022-жыл

Толук маалымат үчүн
https://ii.umich.edu/wcee/visiting-fellows.html
479 viewsedited  12:12
Открыть/Комментировать
2022-07-22 15:22:11
АКШдагы стипендианттар программасы

#eldemi #opportunity #programme

Maurice R. Greenberg World Fellows программасы ар кандай секторлордун кызматкерлери жана ар кайсы өлкөнүн жарандары үчүн иштелип чыккан. Жыл сайын интерндердин уникалдуу тобу кабыл алынат: географиялык жактан тең салмактуу, ар кандай кесиптин, багыттардын жана ишмердүүлүк чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү. Программа жыл сайын августтун ортосунан декабрдын ортосуна чейин өткөрүлөт. Практиканттар программанын бүткүл мезгили бою Йел кампусунда болушу керек.

Практикага карьерасынын ортосунда турган талапкерлер катышууга мүмкүнчүлүгүбар (талапкерлердин 5 жылдан кем эмес жана 20 жылдан ашык эмес иш стажы болушу жана өз ишинде жетишкендиктерин жана келечекте карьералык өсүү боюнча так максаттарын көрсөтүүсү керек).

Бардык чыгымдарды уюштуруучулар көтөрөт.

Дедлайн: Декабрь, 2022.

Толук маалымат үчүн
https://worldfellows.yale.edu/the-program/application/
490 views12:22
Открыть/Комментировать