Журналисттер үчүн McGraw стипендиясы Нью-Йорк шаарындагы McGraw бизнес журналистика борбору жылына эки жолу, кышында жана жайында, дүйнөлүк экономика, каржы жана бизнестеги курч маселелерди чагылдырган тажрыйбалуу журналисттерге 15,000 долларга чейин гранттарды берет.
Сынакка катышуу үчүн онлайн форма аркылуу 3 беттен ашпаган сунушуңузду жөнөтүшүңүз керек. Сунушта сиз кандай материалды түзүүнү пландап жатканыңызды, анда эмне жаңы жана маанилүү экенин, анын каржылык, экономикалык жана бизнес чөйрөсүнө кандай таасир этээрин көрсөтүү керек.
Дедлайн: 30-сентябрь, 2022-жылТолук маалымат үчүн https://www.mcgrawcenter.org/the-harold-w-mcgraw-jr-business-journalism-fellowships/