Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Азия өнүктүрүү банкында акы төлөнүүчү стажировка #eldemi #opp | ELDEMI - Маалымат Спутниги

Азия өнүктүрүү банкында акы төлөнүүчү стажировка

#eldemi #opportunity #internship

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттерди банктын бөлүмдөрүндө стажировка өтүүгө чакырат. АӨБ студенттерди 8 жума бою толугу менен каржылайт.

Стипендия төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
○Айлык акы;
○Авиа билет чыгымдары.

АӨБда стажировкадан өтүүнүн артыкчылыктары:
Эл аралык ири уюмда 50дөн ашык өлкөдөн келген тажрыйбалуу адистер менен иштөө;
Өнүктүрүү каржылоосу жана АӨБ аткарып жаткан иштердин таасири жөнүндө тереңирээк түшүнүк алуу;
Изилдөө натыйжалары аркылуу АӨБ бизнесине салым кошуңуз.

Талаптар:
●Магистратура же докторантуранын студенти болуу;
●АӨБ мүчөлөрүнүн биринин жараны болуу (анын ичинде КМШ өлкөлөрү);
●Англис тилинде эркин сүйлөө;
●Тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик тажрыйбага ээ болуу.

Дедлайн: 15-сентябрь, 2022-жыл.

Толук маалымат үчүн
https://www.adb.org/work-with-us/careers/internship-program