Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Дүйнөлүк Банк Вашингтондо акы төлөнүүчү стажировка #eldemi #i | ELDEMI - Маалымат Спутниги

Дүйнөлүк Банк Вашингтондо акы төлөнүүчү стажировка

#eldemi #internship #opportunity

Жаш адистер программасы (YPP) Дүйнөлүк банкта иш тажрыйбасын издеген жаш адистер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. Стажировка Вашингтондо өтөт. Бул уюм жакырчылыкты жоюудан, социалдык өнүгүүдөн жана климаттын өзгөрүшүнөн баштап, COVID-19 кризисине туруктуу жооп кайтарууга чейинки маселелерди карайт.

Программа эмгек акы жана льготаларды сунуш кылат.

Талаптар:
Жаш ​​чеги - 31 жашка чейин;
Бизнес багыттары боюнча магистратура;
Англис тилин эркин билүү.

Мөөнөтү: 2 жыл

Дедлайн: 15-июль, 2022.

Толук маалымат үчүн

https://www.worldbank.org/en/about/careers/programs-and-internships/young-professionals-program#3