Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

#Кумтөр #КомпаниянынЖаңылыктары ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНУН САРУУ А | Kumtor Gold Company

#Кумтөр #КомпаниянынЖаңылыктары

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНУН САРУУ АЙЫЛЫНДА “КУМТӨРДҮН” КОЛДООСУ МЕНЕН ЖЕЛИМ КАЛДЫКТАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОД ИШКЕ КИРДИ

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому (КГК) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында пластикти кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө жардам берди. Кумтөр кенинде чогултулган жана сорттолгон бардык желим калдыктары ушул жерден кайра иштетилет.

Ишкана үчүн заманбап жабдуулар Беларуста чыгарылган. КГК аны сатып алууга жана Кыргызстанга жеткирүүгө жардам берди.

- Бул заводдун негизги максаты Ысык-Көлдүн экологиясын сактап калуу. Ишкана саатына 200 килограммга чейин сырьёну иштете алат. Азырынча бул жерде 12 адам эмгектенсе, жакында жумуш орундарын 30га жеткиребиз. Кайра иштетилген сырьедон жемиш кутучаларын чыгарууну пландап жатабыз. Биздин аймакта өрүк, черешня жана алма бактар көп. Мындай продукция бул жерде талап кылынат, - дейт ишкананын жетекчиси Айбек Сарыбаев.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн таштандыларды өзүнчө чогултуу боюнча окуу программасы иштелип чыккан. Учурда Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда таштандыларды сорттоочу атайын урналар орнотулууда. Алар эң көп жүргөн көчөлөргө жана пляждарга жакын жерге жайгаштырылат.

- “Кумтөр” компаниясынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын биргелешкен долбоорунун дагы бир максаты – аймактын курч экологиялык көйгөйлөрүнө, анын ичинде таштандыларды кайра иштетүүгө байланышкан көйгөйлөргө тургундардын көңүлүн буруу. Эл ойлоно баштаса, акырындык менен таштандыларды түрү боюнча бөлүүгө көнө башташат, анын үстүнө экологдор да иштеп, таштандыларды иштетүүнүн кемчиликтерин жеринде аныкташат, - дейт катуу таштандыларды кайра иштетүү долбоорунун жетекчиси Саламат Маданбеков.

КГК адамдарды экологиялык ой жүгүртүүгө жана иш-аракет кылууга түрткү берүүгө багытталган ар кандай экологиялык долбоорлорду Ысык-Көл облусунда эле эмес, өлкөнүн башка аймактарында да колдойт.