Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

#Кумтөр #КомпаниянынЖаңылыктары «УЛУУ КӨЧМӨНДӨР МУРАСЫ» УЛ | Kumtor Gold Company

#Кумтөр #КомпаниянынЖаңылыктары

«УЛУУ КӨЧМӨНДӨР МУРАСЫ» УЛУТТУК ХОЛДИНГ КОМПАНИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ТЕҢИЗ БӨЛТҮРҮК КР ӨКМДИН МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

2022-жылдын 1-июлунда «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн» медалы менен салтанаттуу түрдө сыйланды.

Бул ардактуу артыкчылык белгини КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзү тапшырды. Ал Теңиз Бөлтүрүккө тышкы башкаруучусу “Улуу Көчмөндөр Мурасы” болгон «Кумтөр» компаниясынын өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргоо багытында көрсөткөн жардамы жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине коюлган тапшырмалардын ишке ашуусуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазылык билдирди.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасында кызматкерлердин жана өндүрүштүк объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пландалып максаттуу жүргүзүлүп жаткан иштер тобокел кырдаалдардын пайда болуусун азайтууга, адамдардын жашоосу менен ден соолугуна зыяндуу кесепетин жана айлана чөйрөгө таасирин азайтууга өбөлгө түзүп, компаниянын туруктуу жана коопсуз ишмердуүлүгүн камсыздайт.

Өз кезегинде Теңиз Бөлтүрүк КРнын өзгөчө кырдаалдар министрин жана өлкөнүн баардык куткаруучуларын кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар кызматынын күнү менен куттуктады.

- Биздин компания ар кандай кооптуу кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, өндүрүштө коопсуздукту жана эмгекти коргоо системасын камсыздоого өзгөчө көңүл бурат. Бизде авариялык куткаруу түзүмү ийгиликтүү иштеп жатат, аны туруктуу аракеттеги кызмат статусуна өткөрөбүз. Кыйынчылыктар келип чыккан учурда, бардык жоопкерчиликти түшүнүү менен дароо жардамга келгенге дайым даярбыз. Адамдарды куткаруу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү улантабыз, - деп белгиледи Теңиз Бөлтүрүк.