Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: Баткен облусундагы кыргыз-тажи | УТРК

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 1-май күнү саат 22-00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу экендигин билдирет.
Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында күчтөр менен каражаттардын туруктуу дислокация жерлерине чыгарылып кетишин көзөмөлдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлдү.
Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майында Кыргызстан убактысы боюнча саат 08.00дө (Тажикстан убактысы боюнча 07.00) башталат.
Кырдаал өлкө Президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.