Айым ишкерлерди колдоо максатындагы ментордук программа JIAда | Бизнес-ассоциация JIA
Айым ишкерлерди колдоо максатындагы ментордук программа JIAда 5 айдан бери ишке ашырылып жатат!
29-апрелде Айымдарга насаатчылык программасынын негизинде ментилер учун “СММ жана анын мүмкүнчүлүктөрү” темасында семинар болуп өттү. Семинардын спикери СММ адиси, Нетология университетинин бүтүрүүчүсү Жаңылмырза Алибаева болду. Жаңылмырза Алибаева учурдагы СММ тенденциялары менен бөлүшүп, интернетте кантип жеке же бизнес баракчаны өстүрүү керек экендиги тууралуу айтып берди.
Семинарга Нарын, Чүй, Ош жана Жалалабад региондорунан 55 ишкер айым онлайн форматта катышты.
Демилге БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан Финляндия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан #ПРООН менен ЖИАнын "Борбор Азиядагы сооданы жеңилдетүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.