Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

1-2-май – Кыргызстанда аза күтүү күнү. JIA Бизнес-ассоциацияс | Бизнес-ассоциация JIA

1-2-май – Кыргызстанда аза күтүү күнү.

JIA Бизнес-ассоциациясы Баткен облусунда болуп жаткан каргашаны терең кайгыруу менен кабыл алып, каза болгон жалпы мекендештерибиздин жакындарына, үй-бүлөсүнө, досторуна жана жалпы элибизге терең көңүл айтып кайгысын тең бөлүшөт.

JIA бардык кайдыгер эмес кайрымдуу, эли үчүн күйгөн ишкерлерди, жалпы коомчулукту бир муштумдай биригүүгө жана Баткендеги жардамга муктаж мекендештерибизге жардам колун сунууга чакырат.

Адам өмүрүнөн, мекенден кымбат байлык жок!

Жарадар мекендештерибизге куттуу Рамазан айынын урматына айыгуусун, өлкөбүздүн тынчтыгын, мекендештерибиздин амандыгын жана абалдын турукташуусун тилейбиз!