Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Урматтуу кыргызстандыктар Ар бириңиздерди эгемендүү өлкөбүзд | Бизнес-ассоциация JIA

Урматтуу кыргызстандыктар

Ар бириңиздерди эгемендүү өлкөбүздүн 31 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз!
Кыргызстандын өз алдынча багыт алып, көз карандысыздыкка жетүүсү бекерге турган жок. Мунун артында ата-бабаларыбыздын талыкпас мээнети, күжүрмөн эмгеги, ак батасы бар.
Ак карлуу Ала-Тообузду, жергебиздин бермети болгон Ысык-Көлүбүздү, берекелүү жерибизди барктай билели.

Асманыбыз жарык, жергебизде тынчтык, элибизде биримдик жана ынтымак, ар бир үйдө түбөлүктүү бакыт болушуна тилектешпиз!

Кыргызстаныбыз өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктап, бактылуулуктун жана эркиндиктин мекенине айлансын! Бул үчүн баарыбыз эмгекти сүйгөн, билимдүү, дүйнө таанымы кенен болушубуз абзел.
Майрамыңыздар менен!

Урматтоо менен,
JIA Бизнес-ассоциациясы