Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Ийгиликтүү ишкер - өнүккөн өлкө! Сүйүнүчтүү кабар JIA Регион | Бизнес-ассоциация JIA

Ийгиликтүү ишкер - өнүккөн өлкө!
Сүйүнүчтүү кабар

JIA Регионалдык Кеңешинин мүчөсү Убай Маткасымов өндүрүш линиясын кеңейтип, «Маткасымов» экинчи заводун ишке киргизди

Бул Орто Азиядагы алгачкы толук циклдуу үй-тиричилик буюмдарын өндүрүүчү завод. Заводдун курулушунда жапон кайдзен технологиясы колдонулган.
Жаңы ишкана эл керектөөчү товарларды - үтүктөөчү такталарды, кургаткычтарды, кийим илгичтерди, ошондой эле ондогон металл тибиндеги буюмдарды жана текстиль буюмдарын чыгарат.

Заводдун ачылышы менен ишканада 150дөн ашык жумуш орду түзүлгөн
Жаратманыбызга туруктуу өсүү, дайыма өнүгүү жана өзгөчө идеяларды каалайбыз!

Кошумчалай кетсек, бул JIAнын “Устат-шакирт” долбоорунун алкагында ишке ашырылып, ишкерлерибиздин өнөктөш катары иш жүргүзө аларын көргөздү.
“Устат-шакирт” (Насаатчылык) долбоору - тажрыйбалуу ишкер менен жаңы бизнести жаңы баштаган ишкерлердин башын бириктирип, бизнес багытында жол көрсөтүү, тажрыйба алмашуу жана кызматташууну шарттаган долбоор.