Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

“Менти – ментор” программасынын жыйынтыкточу жолугушуусу Аял | Бизнес-ассоциация JIA

“Менти – ментор” программасынын жыйынтыкточу жолугушуусу
Аял-ишкерлерди колдоого арналган 12 айлык долбордун алкагында устаттар менен шакирттердин жыйынтыктоочу жолугушуусу Бишкекте өттү. Буга чейин мындай жолугушуулар аймактарда өтүп келген эле. Пандемия туңгуюгуна кептелген ишкерлерге дем берген 12 ай!
Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-абад облустарынан тандалып алынган шакирттер коштошууну каалашкан жок. Алар бул программа улантылсын, дагы көптөгөн аял-ишкерлер жаңы деңгээлге көтөрүлсүн деген тилектерин билдиришти.
30 устат 120 шакиртти он эки ай бою коштоп, бизнесте эле эмес, жеке өнүгүүсүнө да олутуу салым кошо алышты. Жеке коштоодон тышкары, бизнес жаатындагы ар кандай темадагы окутуулар өткөрүлдү.


Пандемияга байланыштуу көпчүлүк иш чаралар, жолугушуулар онлайн режиминде өткөрүлгөнүнө карабай, айрым устаттар шакирттери менен офлайн да иш алып барышкан. Дал ушул тандамдерде абдан сонун натыйжалар болгонун белгилешти программанын катышуучулары.
“Менти-ментор” программасы БУУӨП колдоосу менен “Борбор Азиядагы соодага көмөктөшүү” масштабдуу долбоорунун алкагында ЖИА уюму тарабынан ишке ашырылды. Долбордун максаты COVID-19 пандемиясынын шартында аял-ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.