2021-11-07 04:41:26
Нике кыйдырууда уалий шарт.
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Исламда эки жаш баш кошуусу үчүн нике кыйылуусу керек. Ал эми нике туура болушу үчүн анын шарттары бар. Эгер ошол шарттары аткарылса нике туура болот. Ал эми шарттарынын бири эле жок болсо, ал нике нике болуп эсептелбейт. Мисалы, намаз туура болушу үчүн анын астында даарат алуу шарт болот. Кимде-ким даараты жок намаз окуса, намаздын бир шарты жок болгон себептүү анын намазы туура болбойт. Ошол сыяктуу никенин да шарттары бар. Ошол шарттары толук аткарылбаса, ал кыйылган нике нике болуп эсептелбейт.
Нике кыюудагы шарттардын бири - уалийдин болуусу керек. Ал эми уалий деген кызды турмушка бере турган эң акылуу адам, - ал кыздын өз атасы болуп эсептелет.
Ошондуктан кызды турмушка берүү - өз атасынын уруксаты менен болот. Атасы каза болуп калган учурда (эгер чоң атасы болсо) уалий милдети чоң атасына өтөт. Эгер чоң атасы да жок болсо, анда өзүнүн баласына өтөт (эгер турмушка чыгып жаткан аялдын бойго жеткен баласы болсо). Ал эми турмушка чыгып жаткан жаш кыз болсо, анда кыздын бир тууган агасы же иниси уалий болот. Бирок кыздын өз атасы болгон учурда бир тууган агасы же иниси уалийликке өтө албайт. Себеби өз атасы эң биринчи уалий болот. Ал турганда башка жакын агалары өтпөйт.
Нике кыйууда уалийдин шарт экенине Курандан далил:
(وَلَا تُنكِحُواْ ٱلْمُشْرِكِينَ حَتَّىٰ يُؤْمِنُواْۚ)
"Аллахка шерик кошкон эркектерге мусулман аялдарды үйлөндүрбөгүлө!"
(Куран, Бакара: 221)
Аллах Таала бул аятта мусулман эркектерге кайрылып, кыздарыңарды Аллахка шерик кошкон мушриктерге үйлөндүрбөгүлө деп ачык кайтарган.
Ахли сунна аалымдары мына ушул аятта аялзатын турмушка уалийи (атасы) берерин Аллах ачык айткан. Ошондуктан нике кыюуда атасынын уруксаты шарт. Кайсыл бир кыздын никеси уалийсиз (атасы же башка тууганысыз) кыйылса, анын никеси нике болуп эсептелбейт деп айтышат.
(فَٱنكِحُوهُنَّ بِإِذۡنِ أَهۡلِهِنَّ)
"Күң болгон аялдарды кожоюндарынын уруксаты менен гана үйлөндүргүлө!"
(Куран, Ниса: 25)
Аллах Таала бул аятта күң болгон аялдарга үйлөнүүнү каалагандар, аларга кожоюндарынын уруксаты менен гана үйлөнсүн деп буйруп жатат. Себеби күң болгон аялдардын уалийлери - кожоюндары. Алардын уруксаты жок үйлөнүү мүмкүн эмес. Эгер күң болгон аялга кожоюнсуз (уалийсиз) нике кыюу мүмкүн болбосо, атасы, бир туугандары бар, эркин (күң болбогон) аялдын никесин атасынын (уалийинин) эч уруксаты жок ар жерден ар кимге нике кыйдыруу мүмкүн эмес. Мындай кылуу Куран менен сүннөткө ачык каршы келет.
Хадистен далил:
Абу Мусадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Уалийсиз (атасынын уруксаты жок) кыйылган нике - нике эмес.""
Абу Дауд 2085
Ибн Мажах 1881
Ибн Коййим, Ибн Хажар сахих деген.
Айша энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты : "Кайсы бир аялзаты уалийинин (атасынын) уруксаты жок нике кыйдырса, анын никеси туура эмес, никеси туура эмес, никеси туура эмес" - деп үч жолу кайталаган."
Тирмизий 1102
Ибн Мажах 1879
Ибн Хажар, Албани сахих деген.
Бул хадистерде Аллахтын Элчиси ﷺ : Кайсыл бир аял турмушка чыгып жатканда уалийсиз нике кыйдырса, анын никеси туура эмес, туура эмес, туура эмес деп үч жолу кайталап айткан. Албетте бул сөздү Аллахтын динин жеткирген жана эң жакшы билген Аллахтын Элчиси ﷺ айткан. Ошондуктан, никеде уалий шарт. Ансыз нике туура эмес.
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Аял киши (уалий болуп) башка аялды үйлөндүрө албайт жана аял киши (уалийсиз) өзүн да башка эркекке турмушка бере албайт. Өзүн башка эркекке (уалийсиз) бир гана зынаа кылуучу аял берет.""
Ибн Мажах 1539
Баззар 10058
Албани, Ахмад Шакир, Шуъайб Арнаут сахих деген.
3.1K viewsedited 01:41