Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ислам дининдеги эң би | СУРОО - ЖООП

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Ислам дининдеги эң биринчи талап кылынган келменин туура маанисин, рүкүнүн (парзын) жана шарттарын баарыбыз билүүбүз милдет. Себеби динибиз Ислам ушул нерседе курулат. Эгер бул негиз туура болсо, башка ибадаттарыбыз дагы туура болот. Эгер бул келме туура эмес болсо, башка ибадаттар дагы туура эмес болот.

Ар бир мусулман өтө кыска убакытта окуп жана каалоочулар далилдери менен жаттап алуулары үчүн сиздерге келменин шарттары тууралуу китепти кыскартууну туура көрдүм. Аллах Таала баарыбызды туура жолуна баштап, ар бир маселени далилдери менен үйрөнүп, Өзү сүйгөн ыкластуу момундардан кылсын!

______________

Талас Артыкбаев

Башкаларга таратып соопко шериктеш болуңуздар!