Абу Котададан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Арафат күнү орозо тутууда Аллахтан бир жылдык мурунку жана кийинки күнөөлөрдүн кечиришин үмүт кыламын"."
Муслим 1162.
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Биз жашап жаткан Зуль-Хижжа айынын тогузу Арафат күнү болот. Ошол Арафат күнү орозо кармоо - сүннөт. Кимде-ким Арафат күнү орозо кармаган болсо, анын бир жылдык мурунку жана кийинки күнөлөрү кечирилет. Быйыл Арафат күнү
8-июлга туш келет. Аллах Таала ошол күнү орозо кармашты баарыбызга насип кылсын.
Талас Артыкбаев
t.me/islamtaanuu
Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!