Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Оо ыйман келтирген момундар, көп күмөндөрдөн сактангыла! Чынды | ИСЛАМ ТААНУУ

Оо ыйман келтирген момундар, көп күмөндөрдөн сактангыла! Чындыгында кээ бир күмөндөр күнөө болот жана бири бириңерди аңдыбагыла жана бири бириңерди гыйбат кылбагыла! Себеби силердин бириңер өлгөн бир тууганынын этин жешти жакшы көрөбү? (Жок) Андайды жек көрөсүңөр! Аллахтан корккула! Албетте Аллах - Тообаны кабыл кылуучу, Кечиримдүү.

(Куран, Хужурат: 12)

Аллах Таала бул аятта мусулмандарды бири бирин гыйбат кылуудан катуу кайтарган. Гыйбаттын күнөөсү так эле өзүнүн өлгөн бир тууганынын этин жегенге барабар.
Аллахтын элчиси ﷺ сахабаларга гыйбат ал - өзүңдүн мусулман бир тууганыңды жактырбаган нерсеси менен эскерүүң деп айткан. Башкача айтканда, ошол сен айтып турган нерсе ал адамда чынында эле бар кемчилик болсо дагы, жаныңда угуп турган кезде аны жактырбай турган болсо - ал гыйбат болуп саналат.

Ал эми бул асарда Абдуллах ибн Мубарактын сөзүнүн маанисинен гыйбаттын өтө жаман күнөө экенин түшүнсөк болот. Себеби кимди гыйбат кылсаң Кыямат күнү ага бир жакшылыгыңды бересиң. Эгер жакшылыгың болбосо, анда ал өзүнүн күнөөсүн сага таштайт. Бул күнөө Кыямат күнү кур жалак калууга (эң чоң банкротко) алып бара турган күнөөлөрдөн.
Аллах баарыбызды мындай күнөөлөрдөн сактаган болсун.

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

https://t.me/islamtaanuu/507