Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Урматтуу мусулман бир тугандар! Бул хадисте айтылгандай, Алла | ИСЛАМ ТААНУУ

Урматтуу мусулман бир тугандар!
Бул хадисте айтылгандай, Аллахтын Элчиси ﷺ намазында эки сажданын ортосуна олтургандан кийин, шашпай "Робигфирли" деп, андан кийин ушул дубаны айтаар эле. Ал эми биз эки сажданын ортосунда ушул дубаларды айтмак түгүл, жамбашыбыз бутубузга тийип-тийбей кайта экинчи саждага кетип жатабыз. Жада калса жалпы намазыбызда ушундай деңгээлге түшүп калдык. Эгерде ким эң биринчи намаздан чыгып салам бере турган болсо, ага белек бериле тургандай шашылып калдык. Аллах сактасын!



" اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي وَارْحَمْنِي، وَاجْبُرْنِي وَاهْدِنِي وَارْزُقْنِي ".


Аллахым мени кечиргин, мени мээримиңе алгын, менин кемчилигимди оңдогун, мени туура жолго баштагын жана мага (дүйнөмө) жеткиликтүү ырыскы бергин!"

Бул дуба ар кандай риваяттар менен келген. Биз которгон хадис Имам Тирмизийде келген риваяты. Бул хадис Абу Даудда, Ибн Мажахта да келген. Ошол риваяттарда башка сөз менен келген жерин алып келебиз.

Абу Дауд 850-номерде келген риваятта (ъафини) ( وَعَافِنِي) "мени саламатта кылгын" деп да келген. Ибн Мажахта 898-номерде келген риваятта (уа-рфаъни) (وَارْفَعْنِي) "менин даражамды көтөргүн" деп келген.

Бул дубанын маанисин кыскача түшүндүрөбүз:

"Уа-гфирли" - Аллахым, менин кылган бардык күнөөлөрүмдү кечиргин.

"Уа-рхамни" - мага Өз Рахматыңды түшүрүп, солих амалымды кабыл кылгын.

"Уа ъафини" - дүйнө жашоосунда денемди оорулардан саламатта кыл жана динимде күнөөлөрдөн саламатта кыл.

"Уа-жбурни" - ибадатымда кемчилигимди толуктагын жана эмне жакшылыктарды жиберип алган болсом ошол жакшылыктарга жетишке мага жардам бергин.

"Уа-хдини" - мени туура жолуңа жана Өзүңө сүннөттүн үстүндө туура ибадат кылууга баштагын.

"Уа-рфаъни" - менин бул дүйнөдө илимим жана амалым менен алдынкылардан кылып, акыретте Жаннатта даражамды көтөргүн.

"Уа-рзукни" - дүйнөмдө мага жеткиликтүү ырыскы берип, акыретте Жаннатта эң бийик орунду насип кылгын!


Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыздар!