Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Урматтуу мусулман бир туугандар! Аллах Таала ар бир мусулманг | ИСЛАМ ТААНУУ

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Аллах Таала ар бир мусулманга балакатка жеткенден баштап дүйнөдөн өткөнгө чейин эч нерсени шерик кошпой жалгыз Өзүнө сыйынып, күнүнө беш маал намаз окууну парз кылган. Ошондой эле кээ бир нерселерди арам кылган. Мисалы зына, арак, сүткорлук (процент) ж.б ушул сыяктуу нерселер. Кимде-ким көп жашап, ошол өмүрүн ибадатта өткөргөн болсо, ал эң жакшы адамдардан болот. Ал эми ким узун өмүр сүрүп, бирок Аллах буйруган ибадаттарды аткарбай, кайтарган арам иштерден тыйылбаган болсо, ал эң жаман адамдардан болот. Себеби инсан Кыямат күнү ар бир окулбаган намазы үчүн жана жасаган арам иштери үчүн суралып, эки тараптан азапталат. Биринчиси Аллахтын буйруктарын аткарбагандыгы үчүн болсо, экинчиси арамдардан тыйылбагандыгы үчүн болот. Ошондуктан ким бул дүйнөдө көп жашап, амалы жаман болсо, анын азабы күнөөсүнө жараша оор болот. Ал эми ким ибадат кылууда көп жашаган болсо, анын Бейиштеги орду амалына жараша жогору болот.

Аллах Таала баарыбызды Өзүнө ибадат кылууда өмүрүбүздү узун кылсын!

t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!