Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун) айтат: 'Аллахтын Элч | ИСЛАМ ТААНУУ

Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун) айтат:

"Аллахтын Элчиси ﷺ Рамазан айынын акыркы он күнү киргенде белин бекем бууп, үй-бүлөсүн ойготуп, түнүн ибадат менен тургузат эле."

Бухари 2024.

Ахли сунна аалымдары хадисти мындайча түшүндүрүшөт:

Астынкы кийимдин белин бекем бууган дегендин мааниси - акыркы он күнү киргенде жубайларына кошулбай, түнүн ибадат менен өткөрүүгө абдан катуу көңүл бурган деп айтышкан.

Ал эми үй-бүлөсүн ойготкон дегени - үй-бүлөсүн башка түндүн акыркы бөлүгүндө витир намазын окуу үчүн тургузган болсо, бул он түнүн ибадат менен өткөрүү үчүн тургузган дешкен.

Түнүн тургузат эле дегени - Аллахтын Элчиси ﷺ акыркы он күндүн ар бир түнүн намаз, зикир, дуба ибадаттары менен өткөргөн эле деп айтышкан.

Урматтуу мусулман бир тугандар!

Бизге туура жолду көрсөтүп, бардык жакшылыкта чыныгы үлгү болгон Аллахтын Элчиси ﷺ мурунку жана кийинки күнөөлөрү кечирилгенине карабастан Аллахтын Өзүнө берген чексиз нээматтарын эскерип, түнкүсүн намаздар менен өткөргөн.

Бул ибадаттарын көргөн Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун):

"Аллах сиздин өткөн жана кийинки күнөлөрүңүздү кечирген эмес беле?" - дегенде Аллахтын Элчиси ﷺ: "Аллахтын берген нээматтарына кантип шүгүр кылган кулу болбойун?!" - деп жооп кайтарган.

Албетте Аллахтын ар бирибизге берген жакшылыктары сан жеткис. Биз дагы хадиске амал кылып, ушул саналуу түндөрдө үй-бүлөбүздү ойготуп намаз, Куран окуу, дуба кылуу жана Аллахты зикир кылуу менен өткөрөлү.

Аллах Таала ушул акыркы он күндө бардык амалдарды кылууга жардам берип, ар бирибиз Рамазандан күнөөлөрүбүз кечирилген абалда чыгуубузду насип кылсын.

Талас Артыкбаев
________________

Башкалар менен бөлүшүп, соопко шериктеш болуңуз!

https://t.me/islamtaanuu/218