Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: 'Аллахтын | ИСЛАМ ТААНУУ

Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимдин кусундусу орозо учурунда өзү чыгып кеткен болсо, ал казасын кармабайт (орозосу туура). Ал эми ким кусундуну өзү атайлап чыгарган болсо, ал казасын кармап берет.""

Абу Дауд 2380
Албани сахих деген.


Ахли сунна аалымдары: "Эгер орозо кармоочу мусулман өз ыктыяры менен колун тамагына салып же кустуруучу жыттарды жыттап кускан болсо, анда орозосу бузулат. Казасын Рамазандан кийин өтөп беришет" - дешет. Ал эми эч ыктыярсыз кусунду үстөмдүк кылып өзү чыккан болсо, мисалы оору себептүү же секирген учурда ж.б. себептерден чыккан учурда орозосу бузулбайт, уланта берет. Эч кандай казасын кармабайт.


t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!