2019-05-05 06:46:23
Кутман күнүңүздөр менен урматтуу Info Jolu каналынын катышуучулары!
Келе жаткан Рамадан айыңыздарды Аллах берекелүү кылсын.
Өз нээматын жаадырып, эки дүйнө бактылуу кылсын.
Анан ушул Рамадан айында эң башкысы ибадатка көңүл буруп, ошону менен бирге тамактануу эрежелерин да жөнгө салып, бул айды баардык жагынан пайдалуу кылып өткөрөлү.
Кантип тамактансак биздин организм үчүн оптималдуу болот?
1. Сухур учурунда:
-200мл жылуу сууга 1 чоң кашык балды кошуп ичүү. Бул суусундук организмдеги энергияны нормалдаштырат.
-Тальбина боткосунан бир чыны. Тальбинада өтө көп Антиоксиданттар, Аминокислоталар, клетчаткалар, микро жана макроэлементтер бар. Бул заттардын таасири менен бир күн бою ток жүрөбүз ин ша Аллах.
-10 же 15 мүнөт өткөн соң ананас менен бал аралашкан суусундук ичүү. Ананастын курамында Бромелайн деген фермент бар, ал фермент биздин организмдеги сууларды нормалдаштырат.
- 50-100гр финик жеш керек.
Ананастын ширесинен башка:
-Сабиздин ширеси
-Ашкабактын
-Анардын
-Алманын сокторун өзүңүздөр блендер аркылуу өткөрүп ичип турсаңыздар эң сонун болот.
2. Ифтар убагында
-Финики 100 гр
-Таза суу 200-300мл
-Тальбинанын боткосунан бир чыны
-Мүмкүн болушунча жер-жемиштер көп кошулган тамактардан жеше керек.
Пловду жегенди азайтыш керек. Себеби ал куурулуп бышырылат. Орозо учурунда куурулуп бышырылган тамактардан аз колдонуңуздар.
Бууга бышырылган жана суюк тамактардан ичиңиздер. Жасалган тамакта кийинки жер-жемиштердин болуусу абзел:
-Брокколи
-Капуста
-Кызылча
-Ашкабак
-Чеснок
-Бадыраң
-Помидор
-Зелень, петрушка, укроп ж.б чөп-чаралар.
-Баклажан
-Кобочки ж.б
Таравих намазынын алдынан
15-20мин калганда:
-Кургатылган мөмө жемиштерден жасалган компот.
-Кефир 3.2%
-Морс
-Йогурт ж.б суусундуктардан 0.5-1литр ичиңиздер.
Таравих намазынан кийин үйгө барганда:
- Капуста, бадыраң, жүгөрү, козу- карын кошулган свежий салаттардан жеңиздер 200гр.
Аллах сиздердин орозоңуздарды жемиштүү кылып ар дайым ийгиликтин үстүндөгү пенделеринен кылсын.
P.S. Бул макала кеңеш катары жазылды, эгер ушул режим менен тамактансаңыж Аллах кааласа ден-соолугуңуз жакшырат.
Башкалар үчүн бөлүшүп койуңуздар, балким бирөөлөр үчүн пайдалуу болуп калаар.
Ушундай керектүү макалаларды окуп туруу үчүн биздин каналга катталыңыздар
@sunnamedicine
651 views03:46