Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Cалык кызматы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карат | Салык кызматы / Налоговая служба

Cалык кызматы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады.

Алсак, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы жана 2022-жылдын 7 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 13 компания аталды.

Мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктоо – бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда зор салым кошкон жана республиканын салык мыйзамын так сактаган ишкерлердин жогорку сиңирген эмгектерин мамлекет тарабынан таануусунун белгиси.

Толук маалымат